Бишкектеги ири соода борборлору эки күн иштебейт

Бишкекте ондон ашык ири соода борборлору 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу  укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйынында чечим кабыл алынды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай,  төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— 2026-жылдын 31-августу жана 1-сентябрында расмий делегациялардын жүрүү маршруттарында жайгашкан соода борборлорунун ишин убактылуу токтотуу: ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча», «VEFA Центр», «Соода үйү-Дом торговли», «Гоин», «Beta Stores 1», «Беш Сары Сити»;
— 31-августта (санитардык күн), ошондой эле 1 жана 2-сентябрда «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» базарларынын жана соода объектилеринин ишин убактылуу токтотуу; 31-августта жана 1-сентябрда «Орто-Сай» базарынын ишин убактылуу токтотуу;
-29-августта саат 15:00дөн баштап төмөнкү даректердеги жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жабуу: Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Горький көчөсү, Чүй проспектиси жана Чыңгыз Айтматов проспектиси), Манас айылы — Васильев тракты- Манас көчөсү, Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсү (Old Bishkek).
-төрт административдик райондун башчыларына расмий делегациялар өтүүчү маршруттарда жайгашкан кошумча соода түйүндөрүн аныктап, алардын ишин убактылуу токтотууну камсыз кылуу ж.б.

Жыйын 18-августта Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, шаарды Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдоо жана башка маселелер каралды.

Комиссиянын ишине мэрдин орун басарлары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт райондук администрациянын башчылары жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жыйынтыгында шаар тургундарынын, меймандардын жана расмий делегация өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар тууралуу чечимдер кабыл алынды.

Андан тышкары кабыл алынган чечим боюнча, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу укук коргоо органдары эл көп чогулган жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу, ал эми Муниципалдык инспекция башаламан сооданын алдын алуу боюнча чараларды көрүү;
— шаардын ар кайсы райондорунда уюштурулган 12 фан-зонада коопсуздукту камсыз кылуу жана шаардык кызматтардын ишин күчөтүү;
— шаар тургундарынын жана борбор калаанын конокторунун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ыңгайлуу жана коопсуз жетүүсү үчүн шаардагы 21 багытта шаттл-автобустардын ишин уюштуруу;
— эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү коомдук транспорттун колдонуудагы маршруттарга ылайык үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
— «Бишкек ЖЭБ», «Бишкек жылуулук энерго», «Бишкек жылуулук тармагы», «Бишкек жарык» муниципалдык ишканаларын жана «Бишкек газ» газ кызматын күчөтүлгөн иш режимине өткөрүү;
— жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү: билим берүү мекемелеринин жанындагы зарыл болгон жол белгилерин орнотуу жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү белгилөө ж.б. чечимдер кабыл алынды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкекте 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты