Кыргызстандын жарандары Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат

Кыргызстандын жарандары 20-августтан тартып Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат.  Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип, Кытайдын мамлекеттик миграция башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.

Сагынбек Абдумуталип түшүндүргөндөй, Кытайга он күнгө чейин визасыз баруунун жалгыз шарты бар: кайра Кыргызстанга кайтуусу үчүнчү өлкө аркылуу өтө турганын тастыктаган авиабилети болушу керек.

“Кыргызстандык жаран Пекин же Шанхай же Кытайдын башка бир шаарына визасыз баргысы келсе, ал жакка авиабилетти түз алып, ал эми он күн өткөндөн кийин Кыргызстанга кайта турган авиабилетин кошуна өлкөлөр аркылуу каттам менен алганы жетиштүү.

Мисалы, Шанхай — Алма-Ата — Бишкек же Пекин — Ташкент — Ош деген сыяктуу.

Кытайга бара жатканда тизмеде көрсөтүлгөн 65 пункттун бирине түз учууга болот.

Мындан тышкары Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди.

Муну менен кыргызстандыктар визалык төлөмдөрдү жасоодон, виза алуу үчүн документ топтоо, консулдук кызматка барууга убакыт коротуудан арылат.

Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режимди бир тараптуу киргизип жатат. Кытай жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүдө, мурдагыдай эле, виза талап кылынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты