Шаардык сот экс-вице-мэр Жамалбек Ырсалиевди актады
- 1 месяц мурун
Бишкек шаардык соту борбордун мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиевди актоо чечим чыгарды.
Бишкек шаардык соту Ырсалиев боюнча райондук соттун өкүмүн жокко чыгарды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 2025-жылы июль айында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары аныкталганын билдирген.
Маалыматта айтылгандай, «Туңгуч» кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жеңил типтеги, 4 коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча бул участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 млн.979 миң 889 сом зыян келтирилгендиги айтылган.
2025-жылдын 16-июлунда чогултулган материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. жана жаран В.Н.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.
2025-жылы 18-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Жамалбек Ырсалиев жана В.Н.А. эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде чыгарылды чыгарылган. чурунда Тергөө учурунда Ырсалиев күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды, 2 млн 979 889 сомду төлөп бергендиги белгиленди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев кызматынан бошотулуп, бул кызмат жоюлду.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




