Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Ырсалиев эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде камактан бошотулду
- 1 год мурун
Бүгүн, 18-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Жамалбек Ырсалиев жана В.Н.А. эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын егизинде чыгарылды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө учурунда Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Ырсалиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп бергендиги белгиленди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж. (Ырсалиев Жамалбек- ред.) тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары аныкталганын билдирген.
Маалыматта айтылгандай, «Туңгуч» кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл жеңил типтеги 4 коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча бул участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 млн.979 миң 889 сом зыян келтирилген.
Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камакка алынган.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев кызматынан бошотулуп, бул кызмат жоюлду.




