Кемпир-Абад: Өзгөндө жөө жүрүш өтүүдө

  • 1 год мурун

Бүгүн, 22-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы жөө жүрүшкө чыгышты.

“Азаттык” маалымдагандай, жөө жүрүшкө 100дөй киши чыкты. Алар “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатышат.

Маалыматка караганда, алар Кемпир-Абад суу сактагычына жакын аймактагы айылдарды кыдырышарын айтышты.

21-октябрда дагы Өзгөндө ушундай жөө жүрүш өткөн болчу. Анда айрым тургундар Бишкекке чейин барарын айтышкан.

15-октябрда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өттү. Курултайды жергиликтүү эл уюштурган. Ага Кыргызстандын ар кайсы аймагынан кайдыгер эмес жарандар катышты. Элдик курултай Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын айланасындагы жер Кыргызстандын менчигинде калсын деген чечим кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча элдин 99,9 % колдоорун билдирген:

-Калган талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Муну азырынча мен айтпай турайын. Жогорку Кеңеште карала баштаганда күбө болосуздар. Ачык каралат. Түз эфир болот. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат. Элдин 99,9 пайызы бизди колдооруна мен бөркүмдөй ишенем. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар. Биз бир эле Өзгөн менен чек ара маселесин чечип жатканыбыз жок. Эки өлкөнүн ортосундагы 1400 километрден ашык узундуктагы чек арабызды чечип атабыз. Биринчи орунда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы туруш кере»,- дейт Садыр Жапаров.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты