«Сапат» билим берүү мекемесинин мүлкү, мөөрү «Маариф» түрк фондуна өткөрүлүп берилди
- 6 месяцев мурун
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси анын мүлкү “Маариф” түрк фондуна өткөрүлүп берилгенин билдирди.
“Бүгүн, 2025-жылдын 2-январында, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу “Маариф” түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик “Маариф” фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз” деп жазылат маалыматта.
1-январда “Сапат” билим берүү мекемеси түзүүчүлөр курамынын алмашкандыгына байланыштуу, билдирүү таратып, “Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укугубузду КР мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракетибизди көрөрүн билдирген.
«Буга чейин соттун чечими аркылуу “Сапаттын” 4 түзүүчүсүнүн бири болгон Орхан Инанды куруучулардын курамынан чыгарылган, ал эми экинчи түзүүчүсү М. Ж. өз ыктыяры менен “түзүүчүлүктөн баш тартты” делген. Ошону менен “Сапаттын” түзүүчүлөрүнүн курамында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен дагы бир түзүүчү А.С. калган. КР билим берүү жана илим министрлиги А.С. мырзаны түзүүчүлөрдүн курамынан чыгаруу үчүн сотко кайрылган. Сот аталган ишти 2024-жылдын 30-декабрында кароого коёт, бирок А.С. мырзанын башка мамлекетте болгондугуна байланыштуу, ишти кароону 2025-жылдын 21-январына жылдырган. Тагыраак айтканда, А.С. мырзанын түзүүчү укугу мыйзам түрүндө уланып жаткан.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду. “Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укугубузду КР мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракетибизди көрөбүз» деп билдирген «Сапат» мекемеси.
Кыргызстандагы “Сапат” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси 30-декабрда кайра каттоодон өткөндүгү юстиция министрлигинин сайтында маалымдалды. Лицейлерди негиздөөчүлөрүнө “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Ошондой эле Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги дагы бар.
Эдил Байсалов “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечимин билдирди.
“Сапат” тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртаарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү” деп белгиледи Байсалов.
Өкүлчүлүктүн директору Хүснү Биржан «Маариф» фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын ырастады.
Мектептердин тармагын кеңейтүү, заманбап технологияларды жана окутуу программаларын киргизүү, ошондой эле окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү пландаштырылганы айтылды.
Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жаткандыгы 2017-жылы сөз боло баштаган. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы ал учурдагы элчиси Женгиз Камил Фырат Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында билдирген. Фырат «Сапаттын» билим берүү мекемелери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын, андыктан келечекте ал имараттарды «Маарифке» өткөрүү максат кылынып жатканын айтты.
Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелери мыкты билим берет деп таанылган. Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында «Себат» лицейин «Сапат» деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган. “Сапаттын» өлкө аймагында ондогон лицейлери, бир университети бар.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.
Коомдук жана диний ишмер агартуучу, Түркияда террористтик деп табылган FETO уюмунун башчысы Фетхуллах Гүлен 2024-жылы АКШда кайтыш болгон.
«Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды 31-майдан 1- июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып кеткен. Түркияда Кыргызстандагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин мурдагы директору Орхан Инанды «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 21 жылга эркинен ажыратылган.
Сүрөт: «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси