«Балыкчы эт комбинаты»  мамлекеттин менчигине өткөнү кабарланды   

Балыкчы шаарында жайгашкан, мурда “Рыбачье эт комбинаты” болуп саналган, аянты 10,7 гектар болгон «Балыкчы эт комбинатынын» 100% акциясы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейинки мезгилде У.С.И. «Кыргыз трансавто» мамлекеттик акционердик коомунун башкармасынын төрагасы болуп туруп, айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган өнөр жай объектисин жана жер участогун мыйзам ченемдерин бузуу менен мамлекеттик баланстан чыгарылгандыгын аныктады.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты