Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өттү
- 9 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Кыргыз Республикасына расмий жумуш сапары менен келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өттү.
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Өкмөттөр аралык комиссия мамлекеттер аралык стратегиялык өнөктөштүктү жана бир туугандык байланыштарды чыңдоодо маанилүү роль ойнойт.
“»Биздин жалпы максатыбыз – жакынкы келечекте өлкөлөрүбүздүн лидерлери тарабынан коюлган эки тараптуу сооданын көлөмүн 5 миллиард долларына жеткирүү максатына жетүү. Биз биргелешкен логистикалык борборлорду жана сертификациялык сайттарды түзүүнү сунуштайбыз, бул Кыргызстандын продукциясы Түркиянын рыногуна гана эмес, Түркия аркылуу Европанын рынокторуна дагы тез жана ишенимдүү чыга алат” деди ал.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыгынын туруктуу өнүгүшүнө токтолуп, Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы бул жааттагы жемиштүү кызматташтыктын жаркын мисалы экенин айтты. Аталган мекеме адам органдарын трансплантациялоо менен Кыргызстандын элине сапаттуу кызмат көрсөтөт. МинКаб төрагасынын айтымында, түрк тарап менен бул жаатта кызматташууну улантуу боюнча келишим түзүлдү.
Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз көптөгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтуларын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле өлкөгө түрк инвестициясынын мындан ары да көбөйүшүнө ишеним билдирди.
Сүрөт: gov.kg




