УКМК: Жети-Өгүздө «Спорт лагерь» ээси ыктыярдуу түрдө имаратты өткөрүп берди
- 1 год мурун
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Спорт лагеринин» имараты жанаша жайгашкан жер тилкеси (пайдалуу аянты 162,2 кв.м, жанаша аянты 213,67 кв.м) менен мамлекеттик менчикке кайтарылып берилди.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2003-жылы аталган «Спорт лагери» жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталган. Менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде мурдагы «Спорт лагеринин» имаратын өткөрүп беришкен.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




