Кыргызстандагы “Сапат” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандагы “Сапат” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын юстиция министрлигинин сайтындагы маалымдалды.  

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси 30-декабрда кайра каттоодон өткөндүгү юстиция министрлигинин сайтында маалымдалды. Лицейлерди негиздөөчүлөрүнө “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулду. Ошондой эле Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги дагы бар.

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жаткандыгы 2017-жылы сөз боло баштаган. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы ал учурдагы элчиси Женгиз Камил Фырат Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында билдирген. Фырат «Сапаттын» билим берүү мекемелери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын, андыктан келечекте ал имараттарды «Маарифке» өткөрүү максат кылынып жатканын айтты.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелери мыкты билим берет деп таанылган. Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында «Себат» лицейин «Сапат» деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган. “Сапаттын» өлкө аймагында ондогон лицейлери, бир университети бар.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

Коомдук жана диний ишмер агартуучу, Түркияда террористтик деп табылган FETO уюмунун башчысы Фетхуллах Гүлен 2024-жылы АКШда кайтыш болгон.

«Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды 31-майдан 1- июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып кеткен. Түркияда Кыргызстандагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин мурдагы директору Орхан Инанды «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 21 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөттө: «Сапат» лицейлеринин окуу жайларынын бири. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты