Санкт-Петербургдагы саммит: Путин кимге шакек тартуулады?   

  • 1 год мурун

Санкт-Петербургда өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын бейформал саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин саммитке катышкан  мамлекет башчыларына шакек тартуулады.

Бул тууралуу Пул первого Телеграм-каналы жазды.  

Маалыматта айтылгандай,  КМШга кирген мамлекет башчыларына 9 шакек дааярдалган. Шакек келаткан жаңы, 2023-жылы менен куттуктоо белеги болуп саналат.

Санкт- Петербургдагы саммитке  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Шакек Путиндин өзүнө да ыйгарылган. Маалыматта шакекти ошол эле жерден Беларустун президенти Александр Лукашенко тагынып алганы айтылган.

26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы бейформал саммитте КМШ мамлекеттеринин арасында кыйынчылыктар, ошондой эле коопсуздук коркунучу, Шериктештик ичинде пикир келишпестиктер болуп жатканын билдирди. Келерки жылдагы саммит Бишкек шаарында болот.

Сүрөт: «Пул первого» Телеграм-каналынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты