Президент КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы төрагалык кылган мезгилде Шериктештиктин потенциалын чыңдоо боюнча конкреттүү чаралар боюнча анализ жасады. Ал ошондой эле Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда Президент Садыр Жапаровго чоң ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты