Путин КМШдагы пикир келишпестиктер тууралуу билдирди

  • 1 год мурун

КМШ мамлекеттеринин арасында кыйынчылыктар, ошондой эле коопсуздук коркунучу, Шериктештик ичинде пикир келишпестиктер болууда. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы бейформал саммитте билдирди.

«Тилекке каршы, бул жактагы кыйынчылыктар менен коркутуулар, биринчи кезекте, сырттан болгондор, жыл өткөн сайын өсүүнүн үстүндө. Тилекке каршы, мындай көрүнүш Шериктештик мамлекеттери арасында болуп жатканын, моюнга алуу керек” деп айтты Путин.

Ошол эле кезде Орусиянын президенти КМШ мамлекеттери “кызматташууга даяр экенин жана кызматташа берерин” белгиледи. КМШ мамлекеттери көйгөйлүү маселелер жаралганда бирге жана “жолдоштук жардам көрсөтөрүн” айтты. Буга мисал катары Санкт-Петербургдагы декабрь жолугушуусун айтууга болорун кошумчалады.  

Владимир Путин КМШ өлкөлөрүндө коопсуздук коркунучу болорун сентябрь айында эле баса көрсөткөн.

Ал эми КМШ мамлекеттеринин коопсуздук кызматтары жана чалгын кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушууда Орусия президенти КМШ аймагында “кандуу кагылышты” чечүүнү Батыш каалап жатканын айыптаган. Буга мисал катары Орусия менен Украина жаңжалын атаган, ошондой эле айрым КМШ өлкөлөрүнүн аймагында абалдын курчушун мисал тарткан.   

КМШ мамлекеттеринин башчыларынын октябрь айындагы саммитинде КМШ өлкөлөрү ичиндеги жаңжалды чечүү чараларын белгилеген. Анда украин кризисин гана эмес, мурдагы совет мамлекеттериндеги өлкөлөр тууралуу да сөз козгогон.  

Беларустун президенти Александр Лукашенко да Батыш тарабынан чагым болорун, андай сценарийге да даяр болуш керектигин эскерткен.

“Жакындагы Казакстандагы, Өзбекстандагы болуп өткөн окуялар буга элестүү далил жана сабак болот. Бирок бул башталышы гана. Бекемдик жагынан бардык өлкөлөрдү сынап чыгышат” деген Беларус башчысы.  

 Бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты