Бишкекте салыкчылардын жапырт кармалып жаткандыгы маалымдалууда

  • 2 месяца мурун

Бишкекте салык кызматкерлеринин жапырт кармалып жатканы маалымдалууда. Бул тууралуу 24 kg агенттиги жеке булактарынын маалыматы боюнча билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Альфа” атайын отрядынын жоокерлери менен борбор шаардын төрт районунун салык кызматынын башкармалыгында тинтүү иштерин жүргүзүп, Салык кызматынын кызматкерлерин, болжолу, суракка алып кетип жатышат.

Ал эми социалдык тармактардагы маалыматтарда, Ленин районунан 15 салык кызматкерин суракка алып кетишкени маалымдалды.

Кайсы иш боюнча тинтүү болгону жана суракка алып кетишкении азырынча айтыла элек.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты