Саламаттык сактоо министрлиги: Жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган

  • 1 месяц мурун

Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын учурдагы абалы жана алардын дарылануусу боюнча маалымат берди.

«Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда: 4 бала чет өлкөлөрдө терапиядан өтүүдө, ал эми 8 бала түздөн-түз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө зарыл дары каражаттарды алууда» деп айтылат маалыматта.

Аталган дарттан толук айыктыруучу ыкмалар жок экенин, бирок бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи:

«Белгилей кетсек, азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок, заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет» деди министрлик.

Министрлик билдиргендей, Кыргызстанда балдардын дарылоосу Жогорку технологиялар фондунун (ЖТФ) каражаттарынын эсебинен камсыздалат, алар “Рисдиплам” препаратын сатып алууга багытталган.

Учурда СМА (спинальная мышечная атрофия), жүлүн булчуңдарынын атрофиясы дарты менен ооруган Хамза, Аслан, Байхан аттуу балдарга кайрымдуулук каражаты чогултулуп жатат. . Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде “Кыргызфармациянын” директорунун орун басары Наргиза Тохтасинова депутаттардын суроосуна жооп берди.

-СМА дарты менен Кыргызстанда 28 бала ооруйт, 100 млн сомго 240 флакон “Рисдиплам” дарысын алып келишкен. “Рисдиплам” дарысынын бир флакону — 5 миң доллар. Ал 8 балага жеткен, андан кийин дагы 100 млн сом бөлүнүп, дагы 8 балага сайылган,- деди Тахтасинова Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде.

Омуртка булчуңдарынын атрофиясы дарты менен ооруп калган Аруузатка үч жыл мурда дүйнөдө эң кымбат деп эсептелген “Золгенсма” аттуу дары кайрымдуулук каражатына сайылган, анын бир ампуласынын баасы 2 миллион доллардан ашык турат ашык турат. Бирок ал дары Аруузатка эффектин берген эместигин жана «Рисдиплам» сайгандан кийин абалы жакшырганын Тохтасинова айткан.

Омуртка булчуң атрофиясы дартына чалдыгып, кайрымдуулук каражатына дүйнөдөгү кымбат баалуу «Золгенсма» дарысын алган Аруузат аттуу кыздын апасы Инстаграмм баракчасына, ал дары дарттын өрчүшүн токтоткондугун билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты