Кичинекей Аруузатка “Золгенсма” аттуу кымбат дары сайылды

  • 2 года мурун

Кичинекей Аруузат омуртка булчуңдарынын атрофиясы дарты менен ооруп калган. Ага дүйнөдө эң кымбат деп эсептелген “Золгенсма” аттуу дары саюу гана жардам бермек. Маалыматка караганда, анын бир ампуласынын баары 2 миллион доллардан ашык турат.

Кыргызстандыктар керектүү акчаны бир жылдан ашык убакыт чогултушту. Мына эми, ошол кымбат баалуу дары Аруузатка сайылып, Дубайда дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.  

“Ооба, акыры аягына чыкты. Аруузат көптөн күткөн «Золгенсма» дарысын алды. Дагы эле ишене албай, колдорум титиреп күттүк. Ушул күнгө жеткенибизге жаратканга миң мертебе шүгүр. Кызыбыздын өмүрүн сактап калганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бизге азыр оюбузду айтуу кыйын, акырындан баарын сөзсүз айтабыз” деп апасы Инстаграмм баракчасына ыраазылыгын билдирди.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты