“Манас” эпосу аудиокитеп форматында чыга баштады

“Манас” эпосунун аудио китеп форматында чыгышына Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 3 млн сом бөлдү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосун аудиокитеп форматына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашырууда.

Долбоор Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Аны ишке ашырууга министрлик тарабынан 3 миллион сом бөлүнгөн.

23-сентябрда аудиокитептин алгачкы бөлүгү жарык көрдү. Аны Шайырбек Абдрахмановдун YouTube каналынан угууга болот:

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты