Көк бөрү жана көкпар финалына кире албай калгандарга акчасын кайтарып алуу өтүнүчү 20-сентябрга чейин кабыл алынат
- 4 недели мурун
- Баяндар
Көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттеш билеттери үчүн акчаны кайтарып алуу өтүнүчтөрү 20-сентябрга чейин кабыл алынат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Улуттук электрондук билет системасы (УЭБС) аркылуу көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге жалпысынан 7 000 билет сатылган. УЭБСтин маалыматына ылайык, анын ичинен 4 409 билет валидациядан өткөн, 2 591 билет валидациядан өтпөй калган.
Сатып алган билеттерин пайдалана албай калган жарандар акча каражаттарын кайтарып алуу үчүн 20-сентябрына чейин өтүнүч бере алышат.
Өтүнүч төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
Анда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:
-арыз ээсинин аты-жөнү, байланыш телефону, билеттин номери, билеттин пайдаланылбай калышынын жагдайлары.
Ошондой эле электрондук билет жана төлөм жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документ — чек, квитанция, электрондук төлөмдү ырастоочу же башка тиешелүү документ тиркелүүгө тийиш.
Маалыматта айтылгандай, билеттин валидациядан өтпөй калгандыгы акча каражаттарын автоматтык түрдө кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт. Кайтарып берүү жөнүндө чечим берилген документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
20-сентябрдан кийин келген өтүнүчтөр кароого кабыл алынбайт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында акча каражаттарын кайтарып берүү укугу ырасталган өтүнүчтөр боюнча төлөмдөр 2026-жылдын 5-октябрынан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Буга чейин Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитети көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык оюндарга билет сатып алып, бирок мелдешке кире албай калган, ошондой эле аймакка киргени менен көрүүчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу каралган орундарга отура албай калган көрүүчүлөргө билеттин толук баасы — 1000 сом кайтарылып берилерин маалымадаган.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги




