Садыр Жапаров:  УКМКда камакта жатып каза тапкандарды «УКМК өлтүрүп койду» деген акылга сыйбаган күмөн

  • 2 года мурун

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайында жатып асынып алды деген Айылбанктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин жана саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча оюн билдирди.  

-Биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Ошон үчүн комиссияга маркумдардын жакын туугандарын, Омбудсменди, бейөкмөт уюмдарын киргиздик. Иликтеп чыгып, элге ачык жарыялашсын. Бул – кырсык. Албетте, менин жеке баамымда СИЗОнун жетекчисин “Эмне үчүн узарткыч колдонгонго уруксат бердиң?” деп күнөөлөсөк болот, -деди Жапаров.

Ошол эле кезде УКМК жана №1 СИЗОго жаткан кездеги жаткан кездеги билгендерин да кошумчалай кетти:

-Бирок мен УКМКнын СИЗОсун эки жолу, Бишкектин СИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Узарткычсыз жашоо өтө кыйын. Тефаль, тамак жасаган плитка, телевизор, радио, муздаткыч жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуш мүмкүн эмес.

Аларды УКМК өлтүрүп койду деген айылга сыйбас көрүнүш экенин белгиледи:

-Ал эми “УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен.

Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, “Айылбанктан” берилген 3,5 миллион доллар кредит кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук акча эмес да, бул – элдин акчасы, -деди Президент Жапаров.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, 2022-жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында аталган Асанбаев Бакыт УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал тергөө камак жайынын камерасында асынып алган абалда табылган.

Учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызматкерлер  суралууда. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертиза дайындалды.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаев дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун билдирди.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилерин билдирди.

Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты