Садыр Жапаров Ташиевдин күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктаарын билдирди

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров “Кактус медиа” басылмасынын кабарчысы Марат Уралиевге берген маегинде Камчыбек Ташиевдин күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктай турганын билдирди.

-Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик төңкөрүш жасоого тиешеси барбы жана тиешеси болсо ал эмнеге эркиндикте жүрөт же депутат Элвира Сурабалдиева айткандай, ага боор тартып жатасызбы? Мыйзам баарына бирдей эмеспи же кээ бирөөнө мыйзам иштебейби?-деген суроого президент Жапаров мындайча жооп берди:   

-Анын тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныктайт. Азыркы учурда тергөө аягына чыга элек. Тергөө аяктагандан кийин иш сотко өтөт. Ким күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктайт, -деп жооп берди президент Жапаров.

Президент ошондой эле “ишке ашпаган төңкөрүш” деп аталып жүргөн февраль окуясынын артында кимдер турары тууралуу суроого мындайча жооп берди:  

-Мен бир нече булактан ар кыл маалымат алып турам. 75 адамдын катына байланыштуу иш аракеттер башталганда, менде ал тууралуу маалымат болгон. Мен ал маалыматтын Жогорку Кеңешке, төрагага, тиешелүү комитет төрагаларына жетишине чейин байкоо салып турдум. Ал учурда документтин жүрүшү, ага тиешелүү адамдар жана ким кимдер менен жолугушуп жаткандыгы тууралуу маалымат алып турдум. Маселе парламенттин жыйынына коюларда чечкиндүү чечим кабыл алдым. Абал башынан эле көзөмөлгө алынган,-деп билдирди Садыр Жапаров.  

Президент башкы колбашчы катары күч түзүмдөрүнүн жетекчилери тууралуу маалымат алып турарын айтты. Бирок баарын эле биле бербесин да кошумчалады.   

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева казакстандык блогерге берген интервьюсунда Ташиевдин эмнеге кызматтан алынганы тууралуу суроого «мамлекеттик төңкөрүш даярдоо» аракети болгон деп билдирди. Сурабалдиева муну парламенттин 90 депутаты билгенин жана мындай аракет көп убакыт даярдалган деп кошумчалады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.

Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Сүрөт: kaktus.media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты