Садыр Жапаров Орусиядагы мааракелик Жеңиш парадына катышат
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров 8-9-майда Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусияга иш сапары менен барат.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Алдыдагы иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү маарекелик Жеңиш парадына катышат.
Алдыдагы Москвадагы салтанаттуу парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да катышат.
Быйыл Бишкекте Жеңиш парады 8-майда өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Парад Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн жеке курамы катышат.
Кыргызстанда “Өлбөс полк” жүрүшү бул жылы 9-майда өткөрүлөт. Бул тууралуу “Өлбөс полк” жүрүшүнүн кооринатору Зульфира Хайбулина басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, “Өлбөс полк” жүрүшү Кыргызстандын бардык аймактарында жүрөт. Бишкекте мурдагыдай эле, жүрүш саат 9:00 дөн баштап Түштүк дарбазадан башталып, Байтик Батыр көчөсүнөн, Абдрахманов көчөсүнө андан ары Фрунзе көчөсү менен Жеңиш аянтына барып токтойт.
Сүрөт: Москвадагы парадга катыша турган Улуттук гвардия жоокерлери. Коргоо министрлиги