Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды. Анын ичинен 8и — согуштун түз катышуучусу
- 4 недели мурун
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 20-апрелде билдирди
Алардын ичинен 8и — согуштун түз катышуучулары. Аймактар боюнча: Бишкек — 4, Чүй облусунун Жайыл району — 2, Нарын облусунун Ат-Башы району — 1, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.
Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек мурдагы 6 туткуну жашайт: алардын 4ү Бишкек шаарында, Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында.
Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар: алардын 8и Бишкекте, Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




