Альтернативдик кызмат үчүн төлөмдү көбөйтүүгө байланышкан мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору альтернативдик кызмат өтөп жаткан жарандардын альтернативдик кызмат өтөгөндүгү үчүн, мобилизациялык резервдик жыйындарга, ошондой эле запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдик жыйындарга катышкандыгы үчүн белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо максатында иштелип чыккан.

-Мыйзам долбоору боюнча альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу өтөгөндөргө 250 эсептик көрсөткүч;

-ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге – 400 эсептик  көрсөткүч;

-каттоодон өткөн диний уюмдун өкүлдөрү үчүн — 200 эсептик көрсөткүч;

 -аскердик даярдыктан өтпөгөн 22 жаштан 40 жашка чейинки жарандар үчүн жана альтернативдүү кызмат өтөп, мобилизациялык резерв чакырыгына барууну каалагандарга — 750 эсептик көрсөткүч (75 миң сом)

-30 жашка чейинки, аскердик учетто турган, жогорку билими бар, офицерлерди даярдоо курсунун программасы боюнча  мобилизация резервинин чакырыгына барып, офицердик наам алууну каалагандарга -900 эсептик көрсөткүч (90 миң сом);

-аскерге жарактуулар үчүн аскердик учетко туруу эрежесин бузгандарга 100 миң эсептик көрсөткүч (10 миң сом) төлөм каралган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты