Москвадагы парадда аскердик техника көрсөтүлгөн жок
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 9-майда, Москвада Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган парад өттү. ЖМКнын билдирүүсү боюнча парадда 2007-жылдан бери биринчи жолу аскердик техника параддан өткөн эмес. Москвадагы парадга Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Лаос, Малайзия ж.б. лидерлери барды.
Парад 45 мүнөткө созулду. Бул жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыскараак болду.
Россиянын Коргоо министрлиги аскер техникасынын көрсөтүлбөгөнүн учурдагы абалга байланыштуу деп билдирди. Ошондой эле парадда Суворов жана Нахимов атындагы окуу жайлардын окуучулары катышкан жок.
Парадга Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Лаос, Малайзия ж.б. лидерлери барды.
Сүрөт: ТАСС
Муну бөлүшүү




