Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү
- 5 дней мурун
Бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Тажикстандын лидеринин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратынын алдына келди.
“Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.
Президенттер бири-бири менен учурашты, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.
Андан соң Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты, андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Мамлекеттик сапардын алкагында 13-мартта, өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашары айтылган. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Анын ичинде Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылдууда.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишим долбоорун даярдаганы маалымдалган.
27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишими жактырылган.
Сүрөт: president.kg