Садыр Жапаров Бахрейндин катышуусу менен Кыргызстанда ислам коммерциялык банкын ачууну сунуштады
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Манама шаарында Бахрейндин Борбордук банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту.
Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат жарыяланды.
Анда айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө финансы-банк тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги, анын ичинде инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.
Президент Садыр Жапаров Бахрейн бүгүнкү күндө натыйжалуу экономикалык жана финансылык саясаттын үлгүсү болуп саналаарын жана Жакынкы Чыгыштын жана аймактын таанылган банк борбору экенин белгиледи.
Садыр Жапаров Бахрейн тараптын катышуусу менен Кыргызстанда жаңы ислам коммерциялык банкын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Мамлекет башчы бул долбоорду ишке ашыруу Борбор Азиянын 80 миллиондон ашык калкы бар бизнес секторун камтууга мүмкүндүк берерин жана убакыттын өтүшү менен ислам принциптери менен иштеген аймактагы эң ири банкты түзүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Өз кезегинде Бахрейндин Борбордук банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма Улуттук банк жана өлкөнүн башка каржы институттары менен кызматташууну тереңдетүүгө толук даяр экендигин билдирди.
Ал ошондой эле Бахрейндин Борбордук банкы Кыргызстанда ислам каржы институтун түзүү сунушун дыкат карап чыгууну, Улуттук банк менен кызматташуу программасын бекитүүнү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра баштоону көздөп жатканын айтты.
Садыр Жапаров 21-апрелде Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча расмий сапар менен барды.
Президент Садыр Жапаров 21-апрелде Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Сүрөт: president.kg