Кыргызстан-Бахрейн: Бир катар документтерге кол коюлду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча маселелерди талкуулап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган макулдашуулар:

— Министрлер кабинетинин жана Бахрейн өкмөтүнүн ортосундагы аба катнаштары жөнүндө макулдашуу;

— Соода-өнөр жай палатасынын жана Бахрейн соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Кол коюлган меморандумдар:

— Министрлер кабинетинин жана Бахрейн өкмөтүнүн ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду;

Ошондой эле Министрлер кабинети жана Бахрейн өкмөтүнүн ортосундагф экономикалык кызматташтык, саламаттык сактоо, маданият тармагындагы кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду;

— Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бахрейн жаштар иштери боюнча министрлигинин ортосундагы, юстиция министрлигинин жана Бахрейн юстиция, ислам иштери жана вакфтар министрлигинин ортосундагы юстиция жана сот адилеттиги тармагында кызматташуу, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жана Бахрейн юстиция, ислам иштери жана вакфтар министрлигинин ортосундагы дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты