Президент Жапаров Бахрейнге расмий сапар менен барды
- 3 месяца мурун
Президенттин расмий сайтында маалымдалгандай, Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча расмий сапар менен барды.
Анда маалымдалгандай, мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Бахрейн тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейн консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана башка расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрү пландалууда.
«Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу пландалууда» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: president.kg
Белгилей кетсек, бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Бахрейн Королдугуна жасаган биринчи расмий сапары.