Сөз эркиндиги рейтинги: Кыргызстан дагы артка кетип, 144-орунга илинди

  • 1 месяц мурун

Дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтинг жарыяланды. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кеткенин билдирди.

Өлкө басма сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга илинди.

“Кыргызстан салыштырмалуу сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги боюнча 2022-жылга чейин Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен айырмаланып турган” деп жазылат уюмдун сайтында.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 141, Өзбекстан 144, Тажикстан 148 жана Түркмөнстан 174-тизмеде. Ал эми рейтинг боюнча басма сөз эркин деген өлкөлөрдүн сап башында Норвегия, Эстония жана Нидерланды бар.

2024- жылдын башында “Темиров Лайв” редакциясынын кеңсеси тинтүүгө алынып, 11 журналисттин үйлөрүндө тинтүү жүрүп,  камакка алынышкан. Мындай кадамдарды бир канча эл аралык уюмдар сөз эркиндигине кысым катары баалашкан.

2025-жылы эркин журналист Канышай Мамыркулова камакка алынды. «Темиров Лайв» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы дагы эле камакта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты