Рысгүл Акимжанова Эверест чокусуна чыккандыгы тууралуу сертификатын көрсөттү

Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусуна чыккандыгы тууралуу сертификатын Фейсбук баракчасына жарыялап, социалдык тармактарда аны тик учат менен чыкты дегендерге жооп берди.

-Чокуга чыгуу боюнча уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде камсыздаган Seven Summit Treks компаниясына терең ыраазычылык билдирем,-деди Рысгүл Акимжанова.

-Непал мамлекетинин расмий сертификаты бир айдын ичинде өлкөнүн тийиштүү органдары аркылуу расмий түрдө берилет экен. Эверестке чыгуу бул жөн гана саякат эмес. Бул процесс белгилүү эрежелер, коопсуздук талаптары, этикалык жана этаптык нормалар менен катуу жөнгө салынат. Эгер альпинист ошол эрежелерди сактабаса, ага сертификат берилбейт. Ошондой эле, эгер аны коштогон компания альпинистти этаптарды өткөрбөй, эрежелерди бузуп, “вертолет менен гана чыгып, түшүп кетти” деген сыяктуу мыйзамсыз жеңилдиктерди уюштурса, ал компания Непал мамлекетинин алдындагы жоопкерчиликти өз мойнуна алат жана анын ишмердүүлүгү олуттуу түрдө текшерилет. Анткени бул процесстерди дүйнө жүзү карап турат, ошондуктан Непал мамлекетинин жоопкерчилиги дүйнөлүк коомчулукта да жогору. Аны бардыгы билишет жана процессти тыкыр аткарышат,-деп түшүндүрдү Акимжанова.

-Эгерде альпинист өзү үчүн, женилдиктер менен чыгам десе, мындай учурларда альпинистке “коммерциялык чыгуу” деген белги коюлуп, анын аты эч жерде көрсөтүлбөйт, мамлекетке анын ысымы кетирилбейт, компаниянын жана мамлекеттик расмий сертификат берилбейт. Альпинисттер келип-кетип турушат, бирок ушул ишмердүүлүктү уюштурган компаниялар дайыма Непалда калат. Ошондуктан алар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн, репутациясын жана ишенимин биринчи орунга коюшат. Компаниянын расмий баракчаларында саммит болгон күнү, чокуга чыккан альпинисттердин жана шерпалардын ысымы белгиленет жана анын жоопкерчилиги чон. Дагы бир жолу Seven Summit Treks компаниясына ыраазычылык билдирем жана алардын жогорку деңгээлдеги кызматтарын баалайм,-деп жазды ал.

Рысгүл Акимжанова Эверест чокусуна чыккандыгы тууралуу сертификатын көрсөттү

Эверест чокусуна чыгып келген Рысгүл Акимжанова аны чокунун бир топ жерине чейин тик учак менен барып, андан кийин аз эле жерин өзү чыгыптыр” деп социалдык тармактарга жазып жаткандарга Фейсбук баракчасы аркылуу ушундайча жооп берди.

2025-жылдын 27-майында, Непал убактысы боюнча саат 04:40та Рысгүл Акимжанова  дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эверест чокусуна (8848 м) ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти.   

Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусун багындырган кыргызстандык экинчи аялзаты болуп калды. Буга чейин кыргызстандык Асел Байбагышева 8848 метр келген Эверест чокусун багындырганы маалым болгон.

Рысгүл Акимжанова Эверест чокусуна чыккандыгы тууралуу сертификатын көрсөттү
Рысгүл Акимжанова Эверест чокусуна чыккандыгы тууралуу сертификатын көрсөттү

Сүрөттөр: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты