Асел Байбагышева Эверест чокусун багындырды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандык Асел Байбагышева 8848 метр келген Эверест чокусун багындырды. Бул тууралуу альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.   

11-майда Асел Байбагышева дүйнөнүн эң бийик жери — Эверест чокусуна чыгып, Кыргыз Республикасынын туусун сайды.

Ал 9-май күнү таң эртең менен негизги жатактан чыгып, болгону 54 саатта чокуга жетти. Асел Байбагышева быйылкы 2025-жылы Эверестке чыккан биринчи айым болду. Ошондой эле кыргыз кыздарынын арасынан Эверест чокусун багындырган биринчи айым болуп калды.

Байбагышева альпинизм менен 8 жылдан бери алектенет. Буга чейин Кыргызстандын Жеңиш, Хан Теңири, Жел-Айдар өндүү бийик чокуларына чыккан.

Сүрөттө: Асел Байбагышева. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты