Рысгүл Акимжанова Эверест чокусун багындырды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 2025-жылдын 27-майында, Непал убактысы боюнча саат 04:40та Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эверест чокусуна (8848 м) ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти.
Бул тууралуу анын жолдошу, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Фейсбук баракчасында билдирди.
“Азыр ылдыйкы лагерлерге карай түшүп келе жатат, аман- эсен түшүп алуусун тилейбиз. Колдоо көрсөтүп, каалоо-тилек айтып турган бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз” деди Токтошев.
Рысгүл Акимжанова дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусун багындырган кыргызстандык экинчи аялзаты болуп калды. Буга чейин кыргызстандык Асел Байбагышева 8848 метр келген Эверест чокусун багындырганы маалым болгон.
Сүрөттө: Рысгүл Акимжанова. Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү