Тоо чокусуна “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” ысымы ыйгарылды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокуга “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарлык чыккандыгы айтылды.
Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешин Кыргыз Республикасында өткөрүүгө байланыштуу, Министрлер кабинети «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» географиялык аталышын ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте кароо, үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизъъ каралды.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




