Руслан Казакбаев Украина элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту  

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен 24-февралда  жолугушту.  

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.  

Элчи Украинадагы абал тууралуу маалымат берди.  

Министр Казакбаев конфликтти тезинен жөнгө салуу, сүйлөшүү жолу аркылуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин аянтчаларында сүйлөшүү сыяктуу жаңы форматтар керек экенине токтолду.

Ошондой эле бул жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгын эске алуу менен эки өлкөнүн кызматташтык мамилесинин күн тартиби талкууланды.  

Орусиянын армиясы 24-февралдын таңынан бери Украинанын аймактарын сокку урууда. Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. Киевге жакын жерде орус десанты жүргөнү жана Украинага аннексияланган Крымдан орус аскерлери киргени кабарланууда.

Украин тарап Орусия кол салган алгачкы күнү 137 украин жараны курман болуп, 316 адам жаракат алганын билдирди

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты