«Асман шаары» долбоорун коррупцияга айыпталып жаткан ишкер Тимур Файзиев жетектейт

  • 3 года мурун

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев «Экологиялык таза Асман шаары» долбоорун жетектейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында кабарлады.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө курулчу Асман шаары 500 миң кишиге эсептелген. Кийинчерээк шаар калкынын саны 1 миллион кишиге чейин жетиши мүмкүн. Ал эми долбоордун курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталат.

Файзиев учурда шаардын курулушуна кызыктар бир канча инвестор менен иш жүргүзүп жатышканын билдирген.

Ошондой эле ал Асман шаарынын курулуш үчүн кеминде 10 миллиард доллар талап кылынарын белгилеген.

2021-жылдын 28-майында Аскер прокуратурасы “Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган.

7-июнда Биринчи май райондук соту ишкерди сырттан камакка алуу чечимин өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камакка алган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Равшан Сабиров Асман шаарын француз курулуш компаниясы курарын айткан. Бирок ишкананын атын ачыктаган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты