Ишкер Тимур Файзиев камакта калтырылды

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен ишкер Тимур Файзиев 2024-жылдын 4-январына чейин камакта калтырылды.

Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.  

Тимур Файзиевге кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.

10-октябрда Файзиев УКМК тарабынан кармалган.

Файзиев «Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган.

2021-жылдын 28-майында Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган.

7-июнда Биринчи май райондук соту ишкерди сырттан камакка алуу чечимин өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камакка алган эмес.

Сүрөттө: Тимур Файзиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты