​“Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кардарларына кайрылды

  • 3 года мурун

«Элит хаус» компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кардарларына жана өнөктөштөрүнө кайрылды.

-Elite House компаниясы кардарларына жана өнөктөштөрүнө компания штаттык режимде иштеп жаткандыгын маалымдайт. ЖМКдагы маалыматка байланыштуу ишти жөнгө салуу боюнча бардык чараларды көрүп жаткандыгыбызды билдиребиз. Алдын ала жыйынтыктар боюнча биз сиздерди кабардар кылабыз,- деп билдирди Фейсбук баракчасы аркылуу. Файзиев.

Ал эми Инстаграмм баракчасы аркылуу ал чет өлкөдө экенин кабарлап, компания 7 жылдан ашуун аралыкта казынага 500 млн сомдон ашык салык төлөп, миңден ашык иш орундарын түзгөнүн айтты.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү куруу фактысын аныктаганын 25-январда маалымдаган.

Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы белгиленген. УКМК мыйзамсыз ишке барган мамлекеттик органдын, жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын атаган эмес. Аталган мекеме тараткан маалыматта «Элит Хаус» курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү тиркелген.

Сүрөт: УКМК маалыматынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты