«Элит Хаус» компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин бошотулганы айтылды
- 2 месяца мурун
Elite House компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу камак жайынан бошотулду.
Бул тууралуу Кактус медиага күч органдарынын кызматкерлери билдиргенин жазды.
Маалыматта Тимур Файзиев кечээ, 29-майда, УКМКнын ходатайствосунан улам Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен чыгарылгандыгы айтылат. Болжолдуу маалыматтар боюнча, абактан бошотуу үчүн Тимур Файзиев 3 млн доллар мамлекетке төлөгөн.
Тимур Файзиевге кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.
10-октябрда Файзиев УКМК тарабынан кармалган.
Муну бөлүшүү