Президенттик администрация: «Асман шаары» долбоорун Тимур Файзиев жетектейт

  • 2 года мурун

Президенттин администрациясы «Асман шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилигине «Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев дайындалганын тастыктады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин Тимур Файзиев социалдык баракчасы аркылуу дирекциянын жетекчилигине дайындалганын жарыялаган.

2021-жылдын 28-майында Аскер прокуратурасы “Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган.

7-июнда Биринчи май райондук соту ишкерди сырттан камакка алуу чечимин өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камакка алган эмес.

Кийинчерээк Файзиевдин иши УКМКга өткөнү кабарланган. Бирок ишкерге карата ачылган иш тергелип жатканы же жатпаганы белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Равшан Сабиров Асман шаарын француз курулуш компаниясы курарын айткан. Бирок ишкананын атын ачыктаган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты