Абу-Даби шаарында Россия, Украина жана АКШ сүйлөшүүлөрдү жүргүздү  

  • 2 месяца мурун

Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында Россия, Украина жана АКШнын эки күндүк сүйлөшүүлөрү аяктады.

Бул тууралуу бир катар ЖМК жазды.

Маалыматты Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеровдун өкүлү Диана Давитян тастыктаган. Сүйлөшүүлөрдү Украинанын президенти Владимир Зеленский комментарийлеп, жолугушуу конструктивдүү болгонун белгиледи. “Согушту аяктоо жана чыныгы коопсуздукту сактоо жаатында америкалык тараптын мониторинг жана көзөмөл кылуу жагын түшүнүүнү мен абдан баалайм” деп Зеленский телеграм-каналына жазды. Ошондой эле Зеленский жыйынга катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз өлкөлөрүнө эмне тууралуу сөз болгонун, өлкө лидерлери менен макулдашууга сүйлөшкөнүн да кошумчалады.

Украина аткаминерлери Axios басылмасына Абу-Дабидеги сүйлөшүү “позитивдүү” жана “конструктивдүү” болгонун билдирген.

Ал эми кийинки жолугушуу Бириккен Араб Эмирлигинде болору айтылууда.    

ТАССтын жеке булактары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болду деп, бирок эмне тууралуу сөз болгонун айткан эмес.

Абу-Дабидеги Россия, Украина жана АКШнын сүйлөшүүлөрү 23-24-январда, жабык форматта өткөн.

Сүрөт: Reuters   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты