Роскомнадзор Орусияда Твиттер жана Фейсбук социалдык тармактарына бөгөт койду
- 2 года мурун
Роскомнадзор Орусия Федерациясынын аймагында Twitter социалдык тармагына бөгөт койду.
Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Бул Орусиянын башкы прокуратурасынын 24-февралдагы чечимине ылайык чыгарылган.
Ал эми 4-мартта Facebook социалдык тармагына бөгөт коюлган.
Роскомнадзордун маалыматында 2020-жылы Фейсбук тарабынан орусиялык ЖМК 26 жолу дискриминация болгону, анын ичинде «Звезда” телеканалы, «РИА Новости», Sputnik, Russia Today, информационных ресурсов «Лента.ру» и «Газета.ру» бар экени белгиленген.
Орусия менен Украинанын делегацияларынын биринчи сүйлөшүүсү 28-февралда өткөн.
Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.
Орусиянын коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.