Росавиация кулаган учакта Евгений Пригожин болгонун билдирди

  • 8 месяцев мурун

Росавиация Орусиянын Тверь облусунда кулаган учактын ичинде Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткин да болгонун билдирди.

Росавиация учактын ичиндеги адамардын тизмесин жарыялады.

Кулаган учакта Сергей Пропустин, Евгений Макарян, Александр Тотмин, Валерий Чекалов, Николай Матюсеев жана экипаж мүчөлөрү: учактын командири Алексей Левшин, экинчи учкуч Рустам Каримов жана бортпроводник Кристина Распопова болгон.

23-августта кечинде Орусиянын Тверь облусунда Евгений Пригожинге таандык жеке учак кулап, (бизнес-джет Embraer) алдын-ала маалыматтар боюнча, 10 киши каза тапканы маалымдалган.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

“Вагнерчилер” Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

Алардын “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты