Орусиянын Тверь облусунда Евгений Пригожинге таандык жеке учак кулады

23-августта кечинде Орусиянын Тверь облусунда Евгений Пригожинге таандык жеке учак кулап, (бизнес-джет Embraer) алдын-ала маалыматтар боюнча, 10 киши каза тапканы маалымдалды.

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги учакта 10 адам болгонун, анын жетөө — жүргүнчүлөр жана үчөө экипаж мүчөлөрү экенин билдирди. Росавиация учактагы адамдар тизмесинде Евгений Пригожиндин аты-жөнү бар экенин белгиледи, бирок учактын ичинде анын болгон-болбогону азырынча расмий тастыктала элек. Ал эми Grey Zone телеграмм-каналы Евгений Пригожиндин курман болгонун жазды.

Бизнес-джет Москвадан Петербургга учуп бараткан жана ал Бологовский районунун Куженкино аттуу айылында кулаган.Тверь облусундагы кырсык тууралуу биринчилерден болуп Baza и Mash телеграмм-каналдары билдирип, бизнес-джет Embraer Legacy 600 учагы кулаганын жазган.  

«База» телеграмм-каналы жана журналист Ксения Собчактын маалыматы боюнча, бизнес-джет учагы Евгений Пригожинге таандык болгон.  

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

“Вагнерчилер” Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

Алардын “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты