Орусия: Песков аскер козголоңу тууралуу кылмыш иш жабыларын, Пригожин Беларуска кетерин билдирди  

  • 10 месяцев мурун

Евгений Пригожинге козголгон аскер козголоңу тууралуу кылмыш иши жабыларын, ал эми “Вагнер” жеке аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуска кетээрин Орусия президентинин басма сөз кызматынын башчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

“Сиздер Пригожин эмне болот деп сурарсыздар Ага козголгон кылмыш иши жабылат, ал эми ал Беларуска кетет” деген Песковдун сөзүн “Интерфакс” агенттиги жазды.  “Эгер анын Беларуска кетээрине кепилдик берилеби десеңиздер, бул- Орусия президенти Владимир Путиндин сөзү”, -деди Песков.  

Кремлдин өкүлүнүн айтымында, “Вагнер” жеке аскердик компаниясынан аскер козголоңуна катышкандар куугунтукталбайт, “алардын фронттогу эрдиктери эске алынат”. Жалданма аскерлер кайра лагерлерине кайтышат, эгер алардын бир бөлүгү, эгер кааласа, Орусиянын коргоо министрлиги менен келишим түзөт.  

Дмитрий Песков Орусиянын президенти Владимир Путиндин өтүнүчү менен Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, алар 20 жылдан бери жеке тааныш экенин айтты.

“Сиздер эмнеге Лукашенко сүйлөшүү жүргүздү деп сурарсыздар. Себеби Александр Лукашенко Евгений Пригожин менен 20 жыл убакыттан бери жеке тааныш. Бул анын Владимир Путин менен макулдашылган жеке демилгеси” деди Песков. Бул үчүн Лукашенкого ыраазылык айтыш керектигин кошумчалады.  

Ишембидеги бул козголоң  “атайын аскер операцияга” таасирин тийгизбей тургандыгын жана ал окуядан кийин коргоо министри Сергей Шойгуга мамилесин президент өзгөртпөй турганын айтканын да билдирди.

“Вагнер” жеке аскер компаниясы 24-июнга караганда Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алган, андан кийин Москвага карай жүрүшкө чыккан. Евгений Пригожин коргоо министри Сергей Шойгуну жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду жалданма аскерлердин колуна салып берүүнү талап кылып, аларды кылмышка айыптаган.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты