Рита Карасартова 48 саатка камалды

  • 2 года мурун

Укук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка камалды.

Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.

Бүгүн, 23-октябрда, оппозициялык маанайдагы саясатчыларды, активисттерди, Кемпир-Абадды колдоо комитетинин мүчөлөрүнүн үйүн тинтип, андан кийин милициянын ар кайсы ички иштер бөлүмдөрүнө суракка алып кетишкен.
Үйүн тинткенден кийин Рита Карасартованы Свердлов райондук ичик иштер башкармалыгына алып кеткендиги маалым болгон.   

Милиция өкүлдөрүнүн Рита Карасартованын үйүнө келген учуру:     

Бүгүн, 23-октябрда, бир катар саясатчылардын, активисттердин, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бир тобунун үйү тинтилип, ички иштер бөлүмдөрүнө алынып кетип жатканы кабарланган. Аларга жапырт баш-аламандыкты уюштурууга көмөктөшүү беренеси боюнча айып тагылууда.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты