Рита Карасартованын соту жылдырылды

  • 1 год мурун

Укук коргоочу Рита Карасартованын бүгүн, 23-июлда, саат 11:00 дө Свердлов районунда болору белгиленген соттук процесси белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, ишти караган судья алмашылып, жаңысына иш менен таанышууга убакыт керектелерине байланыштуу отурум жылдырылды.  

Карасартованын иши боюнча соттук отурум ушуну менен үчүнчү жолу жылдырылып жатат. Буга чейин 19-июнда, 27-июнда жана 23-июлда белгиленген соттук отурумдар болбой калды.

Укук коргоочу Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынып,  ошондон бери баш коргоо чарасы узартылып келе жатат. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.

Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.

Сүрөттө: Рита Карасартова. 19-июнь 2025, укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты