Рита Карасартова: “Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулованы үй камагына чыгарууну өтүнөм”

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад иш боюнча камакта жаткан айымдардын бири Рита Карасартова президент Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулованы үй камагына чыгарууну  өтүндү.

-Эгер чынында эле, бир кичинекей чогулушту чоң кылмыш катары кабыл алып жатсаңыз, сизден өтүнөрүм, абакта ден соолугунан ажырап, оор операцияга кабылып, жапа чегип жаткан эне, эжелерибиз Асия Сасыкбаева, Гүльнара Журабаева, Клара Сооронкулованын аялзаттыгын, энелигин, алардын эл үчүн кылган мээнетин урматтап, эң эле жок дегенде улгайган жашын, ден-соолугун, үй-бүлөсүнүн абалын эске алып, үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөм.

Анткени, ошол жыйынга бул айымдар менин суранычым, чакыруум аркылуу келип катышып беришкен. Негизги күнөө менде болгондуктан мени камакта калтырууну суранам, -деди Рита Карасартова.

Рита Карасартова ачык катында тергөө органдары бир да далил таба электигин белгиледи:

-Биз «Кемпир-Абад» туткундары, абакта мыйзамсыз камалып жатканыбызга бешинчи ай болуп баратат. Ушул күнгө чейин айыпты угузууга тергөө органдары бир дагы ишеничтүү далил таба элек. Албетте, тагдырыбызда өтө оор, татаал күндөрдү өткөрүүдөбүз. Сиз өзүңүз айткандай «түрмөдө жыландын дагы баласы жатпасын», бирок тилекке каршы, сиз өзүңүз, үй-бүлөңүз кечкен күндөрдү биз менен чогу ата-эне, балдарыбыз, бир туугандарыбыз кечип, күйүткө кайгыга батып турушат. Сизге окшоп биз дагы чындык деп чыркырап, актыгыбызды тынбай айтып, мыйзамсыздык, адилетсиздик өкүм сүрүп жатканын, тагдырыбызга балта чаап жаткан тергөөчү, сот, прокурорлорго үн талабыбызды жеткире алалбадык, -деп айтылат ал ачык катта.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармашкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

“Кабар” агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан. 

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты