Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулованы операциядан кийин кайра абакка жаткырышты

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад иши боюнча абак жаткырылган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ооруканадан операция болду жана 14-мартта кайра абакка жаткырылды. 

Операциядан кийин калыбына келүү үчүн Клара Сооронкулова абакка жаткырылбаш керектиги боюнча врачтар корутунду чыгарганына карабастан, абакка кайра алып барып жаткырышканын адвокат Чынара Жакупбекова билдирди.       

Сооронкулова үч жума мурда ооруканага жаткырылганын Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Клара Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, аларды 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Былтыр 23-октябрда адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. жана бөгөт чарасы улам узартылып калууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты