Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева эки айга камакта калтырылды.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Биринчи май районунун Салкынай Алимбаеваны УКМК камак жайында эки айга камакка алуу чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.      

Оппозициячыл саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 24-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Сотко Алимбаеваны эки айга камакка алуу тууралуу өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев ага коррупция боюнча айып коюлуп жатканын билдирген.

Айыпталуучу сот залына кирип бара жатып өзүнө коюлган айыптарды четке какты.

Сүрөттө: Алдыңкы катарда Салкынай Алимбаева.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты