Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлашынан улам көз карандысыз дарыгерлерден турган консилиум түзүүнү сунуштады 

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында СИЗО-1де абакта жаткан Равшан Жээнбеков саламаттыгы күндөн-күнгө начарлап баратканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Молдовановкадагы №31 абак жайында дарылануу сунушунан баш тартканын, анын себеби ал жактан атайын жана адистештирилген жардам ала албастыгына байланыштуу экенин айтты.

“Жаза аткаруу кызматы тарабынан мага Молдовановкадгы №31 колониядан дарылануудан өтүү сунушу айтылган. Мен ал жактан боорумду адистештирилген, квалификациялуу дарылануудан өтө албайм, врачтардын көзөмөлүсүз күчтүү дары-дармектерди иче албайм.

УЗИнин анализдеринин көрсөткүчү боюнча, саламаттыгым күн сайын начарлап бара жатат. Бул көрсөткүчтөргө  Жаза аткаруу кызматы “өтө начар эмес” деп кош көңүл болууда.” деп билдирди Равшан Жээнбеков.

Ошондой эле адарыгерлердин консилиумун өткөрүү сунушун айтты.  

“Көз карандысыз дарыгерлерден турган консилиум түзүп, боорумду атайын адистештирилген дарыгерлерен дарылануу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө көмөк болуп берсеңиздер” деди Жээнбеков.  

 

Өткөн жылы 26-декабрда,Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун, Бектур Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активисттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынган. Мындай чечимди өткөн жылы 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары дагы эки айга узартылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты